Кыргызстанда Кепилдик фонду ачык акционердик коомунун түзүлгөнүнө 5 жыл толду. Бул убакыт ичинде фонд бир катар ийгиликтерге жетишип, өзүнүн иш тажрыйбасынын моделин коңшу бир нече өлкөлөргө үлгү катары экспорттогонго да жетишти. Бул тууралуу мекеменин беш жылдык юбилейине арналган эл аралык конференция учурунда айтылды. Эң башкысы - кепилдик фонду өзүн кыска убакыт ичинде финансылык жактан туруктуу иштеп кете алган түзүм экенин далилдей алды.
Кепилдик фонду мындан 5 жыл мурда түзүлүп жаткан учурунда капчыгында 282 млн сом гана бар болчу. Жаңы түзүлүп жаткандыктан көпчүлүгү иштеп кете алабы, же аты бар заты жок мекеме болуп калабы деп сын көз менен карашкан. Бирок беш жылдан кийин бул мекеменин капиталы эки же төрт эмес 15 эсеге! өстү.
Азыр кепилдик фондунун капиталы көбөйүп, 4 миллиард сомдон ашык сумманы түзөт. Ийгиликтүү иштеп жаткандан кийин өкмөт анын көлөмүн 6 миллиард сомго чейин колдоону көздөп жатканын каржы министри Акылбек Жапаров айтты.