2021-жылдын 20-сентябрынан тарта бала бакчалардын иши кичи топторго бөлүнбөй кайра жанданат. Мындай чечимди 14-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясы кабыл алды.
Бишкек шаарынын райондорунун башчыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгына мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жана Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарын тамак-аш менен камсыздоо боюнча тийиштүү иштерди белгиленген талаптарга жана нормаларга ылайык жүргүзүү тапшырылды.
"Урматтуу ата-энелер! Эгерде сизде же сиздин жакындарыңызда вирустун симптомдору болсо, анда балаңызды бала бакчага алып барбаңыз. Эгерде бала бакчаларда коронавирус менен ооругандар аныкталса, анда аларды карантинге жабууга аргасыз болобуз",- деп кайрылат Бишкек шаардык мэриясы.
Бала бакчалардын ишин жандандырууга "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин жандандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 26 -мартындагы №327/1 жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 26-мартындагы №321 биргелешкен буйругу, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун каты негиз болгон.