Жаңылыктар
Сузак районунда 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Сузак районунда 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн жаңы окуу жылынын башталышына карата Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айылындагы Узакбай Абдукаимов атындагы 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет. 

Мектептин курулушу жети жыл мурда башталган. Ага республикалык бюджеттен 48 миллион сом акча каражаты сарпталган. Бул жылы Жалал-Абад облусунда окуу жылынын башталышына карата 2 жаңы мектеп бүткөрүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 мектеп пайдаланууга берилет.