Кыргызстанда Кепилдик фонду акционердик коому түзүлгөнүнө 5 жыл толду. Бул убакыт ичинде фонд бир топ ийгиликтерге жетишип, өзүнүн иш тажрыйбасынын моделин коңшу бир нече өлкөлөргө үлгү катары экспорттогонго да жетишти.
Азыркы учурда фонд капиталдарын көбөйтүп, тейлөө аймагынын географиясын да кеңейтти. Булар менен кызматташкан банктардын саны жыл өткөн сайын улам көбөйүүдө. Бул тууралуу мекеменин беш жылдык юбилейине арналган эл аралык конференция учурунда айтылды. Эң башкысы - кепилдик фонду өзүн кыска убакыт ичинде финансылык жактан туруктуу иштеп кете алган түзүм экенин далилдеп, көрсөттү.
"Кепилдик фондунун түзүлгөнүнүн себеби ишкерлер кредит алууда, койгон күрөсү төмөн бааланып керектүү суммадагы насыяны ала албай калышчу. Биз изилдеп көрсөк кредит алууда ишкерлердин 30-40% ушул маселеге туш болот экен. Анан ойлонуп көрүп Кепилдик фондун түзүүнү чечтик. Кепилдик фондунун аркасы менен алар өзүнө жете турган сумманы банктардан алганга шарт, мүмкүнчүлүк түзүлдү",- дейт «Кепилдик фонд» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров.
"Эң бир маанилүү учурдун бирин айтсам, азыр Кепилдик фонду түзүлгөндөн берки тажрыйбасын биздин коңшу мамлекеттер келип үйрөнүп кетип жатышат. Муну биз Кыргызстанда жаралган, туруктуу иштеп жаткан ийгиликтүү долбоордун тышка экспорттолушу деп атап койсок болот. Кепилдик фонду ийгилик менен иштеп кете аларын далилдеди. Эң башкысы жүздөгөн ишканалар жаңы түзүлүп, анын аркасы менен миңдеген адамдар жумуш табышына себепкер болуп жатат. Бүгүнкү күндө эл үчүн дагы, мамлекет үчүн дагы абдан маанилүү жумуш жасалып жатат деп айтсак болот",- дейт Кыргызстандагы банктар биримдигинин президенти Анвар Абдраев.