Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Премьер-министри Борис Джонсонго анын апасы Шарлотта Джонсон Уоллдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
“Апаңыз Шарлотта Джонсон Валь айымдын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден көңүл айтуумду кабыл алыңыз”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.