Жаңылыктар
Токтогул районундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул районундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Бүгүн, 15-сентябрда саат 07:10 чамасында Токтогул районунун Торкент айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында Бишкек-Ош унаа жолунун 308-чакырымындагы жол кырсыгынан 3 жаран каза болду. 

MAН үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу автоунаасы менен Жигули ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаа кагылышып кырсыктын кесепетинен жигули автоунаасындагы 3 эркек киши окуя болгон жерде каза болушкан. 

Токтогул районунан 5 куткаруучу тартылып, Жигули ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү авто унаада кыпчылып калган 3 жаранды чыгарышып, Токтогул райондук ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте тез жардам автоунаасы менен Токтогул райондук оорукананын моргуна өткөрүп беришип. Каза болгон жарандардын өздүгү такталууда.