Жаңылыктар
Түп районунан чыккан өрт эки наристенин өмүрүн алды
Кыргызстан жаңылыктары
Түп районунан чыккан өрт эки наристенин өмүрүн алды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда чыккан өрттүн кесепетинен эки наристе чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда Түп районундагы Сары-Булуң айылында турак үйдүн короосундагы чөп күйгөн. Жерине өрт өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 15:00дө өрт чектөөгө алынып, саат 17:45де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт кырсыгынын кесепетинен 2017-жылы жана 2015-жылы туулган кыз жана бала каза болгон. Жалпысынан 600 түк чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.