Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Президенттин 5-майдагы «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Министрлер кабинетинин алдында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү.
Документке башкаруу тутумун оптимизациялоо жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамады ишке ашыруу максатында кол коюлду.
Бул мыйзамга ылайык, агенттик жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды каттоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.