Туруктуулук өнүгүүнүн кепилдиги. Өлкө жарандары туруктуулук менен бейпил жашоону каалайт деген ар кыл тармактын өкүлдөрү өлкөдөгү кырдаалга тынчсызданып Президент Садыр Жапаровдун дарегине атайын кайрылуу жолдошкон. Ош, Талас, Баткен, Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан жолдонгон кайрылууда аксакалдар, маданият ишмерлери, коомдук фонддордун өкүлдөрү айрым күчтөрдүн митингдерди өткөрүү чакырыктарына байланыштуу тынчсызданууларын билдиришкен.
Буга байланыштуу саясий чыңалууну азайтуу, өлкөдө тынчтык жана бейпилдикти сактап, айрым саясий күчтөр коомчулукта жик салбаш үчүн Президенттен зарыл чараларды көрүүнү өтүнүшкөн.