Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кемин районунда жана Бишкек шаарынын бир катар дүң жана чекене соода кылган дүкөндөрдүнө рейд жүргүздү.
Анын жыйынтыгында жалпы суммасы 263 миң 959 сомдук мыйзамсыз тамеки жана ликер-арак ичимдиктери конфискация болду. Анын ичинде 122 425 сомдук 1 миң 339 куту тамеки жана 141 534 сомдук 676 бөтөлкө спирт ичимдиктери. Бул акциздик маркасы жок, акциз салыгын төлөнгөн эмес же жасалма акциздик марка жана лицензиясы жок сатылып жаткан товарлар.
Анын ичинен 1 188 тамеки буюмдары – акциздик маркасы жок, 151 даана электрондук тамеки – акциз салыгы төлөнгөн эмес, 363 бөтөлкө алкоголдук ичимдик – жасалма акциздик маркалар менен, 40 бөтөлкө ликер арак – лицензиясыз болгон. Бул факты боюнча материалдар, конфискация болгон товар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн тийиштүү аймактык Салык органдарына өткөрүлүп берилди.