Жаңылыктар
Кырчын жайлоосу текшерилип, чарбага 69 миң сом зыян келтирилгени аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кырчын жайлоосу текшерилип, чарбага 69 миң сом зыян келтирилгени аныкталды

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттиги үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрынан 12-сентябрга чейин Кырчын жайлоосуна текшерүү жүргүзгөн. 

Күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында 14,6 куб метр Тянь-Шань карагайы кыйылып, чарбага 69 миң 47 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган. Мындан улам Мамлекеттик токой чарбасы агенттиги Ысык-Көл облусуна берилген токойду тазалоо боюнча бардык уруксаттарды жокко чыгарды. 

Ушул жылдын 13-сентябрынан тартып Мамлекеттик токой фондусунун аймагында жыгач даярдоону убактылуу токтотууну тапшырды.