Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 95,4% га өсүп, 321,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу Инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов билдирди.
Анын ичинен: профессионалдык ишмердүүлүк - 35,4%, өндүрүш өнөр жайы - 35,4%, пайдалуу кендерди казуу - 22,5% жана кайра иштетүүчү өнөр жайы - 19,3% жогорулаган. 2020-жылы түз чет өлкөлүк инвестициянын агымы 537,5 млн долларды түзүп, COVID-19 пандемиясына байланыштуу 50,1%га төмөндөгөн.
Инвестициялар министрлиги тарабынан төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлүүдө: соода-өнөр жай палатасын реформалоо, эркин экономикалык аймагынын концепциясын кайра кароо жана бир катар долбоор иштелип чыгып макулдашылууда. Ошондой эле, инвестициялар тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгууда.