Кыргызстанда уран менен торий казуу маселеси каралууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.
Айтымында уран менен торий казууну мамлекеттик компаниялар жүргүзөт. Эскерте кетсек, эки жыл мурда коомчулуктун нааразычылыгынан улам уран менен торийди казууга тыюу салынган. Эгер жаңы кодекс кабыл алынса, анда айрым беренелер өзгөртүлөт.
Уран менен торийди казууда коопсуздук маселесин көзөмөлдөй турган регламент болот, - деп билдирди министрдин орун басары.