Жаңылыктар
Электр жарыгына жаңы тарифти октябрда киргизүү каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Электр жарыгына жаңы тарифти октябрда киргизүү каралууда

Электр энергиясына жаңы тарифтик саясатты ушул жылдын октябрь айында киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, тариф саясаты боюнча документ жаз айынан бери талкууланып келет. Учурда Президенттик администрация менен Министрлер кабинетинин талкуусунда. "Эгер документ күчүнө кирсе октябрдын соңунда же ноябрдын башында электр энергиясы, ысык суу жана жылуулукка жаңы эсеп кирет", - деди Айталиев. 

Ушул тапта элге электр энергиясынын бир кВт/сааты 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилип жатат. Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.