Жаңылыктар
Сегиз айда 45 791 жаран пенсияга чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Сегиз айда 45 791 жаран пенсияга чыкты

Быйылкы жылдын сегиз айында Социалдык фонд тарабынан 45 миң 791 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде 2021-жылы август айында 4 миң 774 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 928 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди.