Жаңылыктар
Көмүрдүн баасы кымбаттабайт
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүрдүн баасы кымбаттабайт

Күз-кыш мезгилинде көмүрдүн баасы кымбаттабайт. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынын директору Мирлан Жакыпов билдирди. 

Кара-Кече кенинде казылган көмүрдүн наркы 1 тоннасы 1 миң 330 сомду түзөт. Быйыл жылытуу мезгилине жалпы 3 миллион 18 миң тонна көмүр керектелет. Эсептер боюнча бюджеттик мекемелер 242 миң 333 тонна, 1 миллион 125 миң тонна калк сарптай турганы аныкталган.

Бишкек ЖЭБнин муктаждыгы 1 миллион 650 миң тонна. Анын 950 миң тоннасын Кабак бассейни камсыздайт, 50 миңин Таш-Көмүр кени, ал эми 650 миң тоннасы Казакстандан экспорттолот. 8 айда 1 миллион 337 миң тоннадан ашуу көмүр казылып, анын 9 миң тоннага жакыны өлкөнүн түштүк аймагында өндүрүлгөн. 

Мамлекеттик ишкана кызматкерлеринин айтымында калк үчүн Кара-Кече кенинен көмүр октябрь айынан баштап ташыла баштай.