Президент Садыр Жапаров ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышат. Иш-чара 15-17-сентябрда Тажикстандын борбору Душанбеде өтөт. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.
16-сентябрда, Тажикстандын төрагалыгында өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана уюмдун сессия аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө пикир алмашышат.
Ошондой эле алдыда Армениянын ЖККУдагы төрагалыгы мезгилиндеги уюм ишмердүүлүгүнүн алгылыктуу багыттары жөнүндө маалыматты угушат. Жыйыныктоочу декларацияга, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнүн маселелерин жөнгө салган 13 документке кол коюлары күтүлөт.
Ал эми 17-сентябрда Тажикстандын төрагалыгында ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму өтөт. Шанхай кызматташтык уюмунун отурумунун күн тартиби ШКУнун ишмердүүлүгүнүн 20 жылдагы негизги жыйынтыгы, уюм алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин камтыйт.
Бул отурумдун жыйынтыгы боюнча ШКУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик декларацияны кабыл алуу пландалууда, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү 30дан ашуун документке, анын ичинде ШКУнун жаңы башкы катчысын дайындоо тууралуу чечимге кол коюлары күтүлүүдө.
Ооганстанда болуп жаткан окуяларга, ошондой эле чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды кабыл алуунун зарылдыгына байланыштуу Президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин делегация башчыларынын Ооганстандагы кырдаал боюнча жолугушуусуна катышат.
Ошондой эле саммиттин алкагында эки тараптуу жолугушуулар өтөт. «Аны менен бирге, Кыргызстан көрсөтүлгөн көп тараптуу аянтчалар алкагындагы кызматташууга чоң маани берээрин белгилейбиз. Кыргызстандын ЖККУ жана ШКУга катышуусу өлкөнүн тышкы саясатындагы приоритеттүү багыттардын бири»,- деп белгиледи Жээнбек Кулубаев.