Жаңылыктар
Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына карата Бишкекте эл аралык кинофорум өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына карата Бишкекте эл аралык кинофорум өтөт

Бишкек шаарында 21-24-сентябрь күндөрү жаш киночулардын "Үмүт" эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Билдирмеге караганда, иш-чара режиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналмакчы. "Толук метраждуу тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлсө, сынакка катыша турчу кыска метраждуу фильмдер Кино үйүндө тартууланат", — деп айтылат маалыматта. Бул ирет көрүүчүлөр "Адам. Тагдыр. Жашоо" темасы тууралуу тасмаларга күбө боло алышат.