Россиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин Иркутск шаарындагы канцеляриясынын көмөгү менен айрым адамдардын алдамчылык аракеттеринин натыйжасында мекендештерге 246 миң рубль өлчөмүндө келтирилген материалдык зыян компенсацияланды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары канцелярияга бейтааныш адам өзүн Орусиянын компетенттүү органдарынын биринин кызматкеримин деп тааныштырып, белгилүү бир акы үчүн Россиянын жарандыгын алуу жана убактылуу каттоого турууга жардам берүүгө убада берип, алдап кеткендигин айтып кайрылышкан. Ал адам убадасын аткарбай, качып, жарандардан мурда алынган каражаттарды кайтаруудан баш тарткан.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аракеттерде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча процессуалдык чечим кабыл алынган. Канцелярия кыргыз жарандарынын арыздарынын негизинде, Иркутск облусунун прокуратурасына бул материалдын алкагында мурда кабыл алынган чечим боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн кайрылган.
Өз кезегинде Иркутск облусунун көзөмөлдөөчү органы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча прокурордун жообуна карата чаралар көрүлдү. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча мурда кабыл алынган чечимдер жокко чыгарылып, Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук териштирүүнүн алкагында кылмыштуу аракеттердин натыйжасында келтирилген материалдык зыян толугу менен төлөнүп берилди.