Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин катышуусунда билим берүү уюмдарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Анын жүрүшүндө билим берүү объектилеринин жылытуу мезгилине даярдыгы, анын ичинде жылытуу тармактарындагы оңдоо иштерин жүргүзүү жана каржылоо маселеси талкууланды. Жылдыз Бакашова белгилегендей, күз-кыш мезгилинде билим берүү уюмдарына жылуулук үзгүлтүксүз берилиши керек жана бардык оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө аякташы зарыл.