Жаңылыктар
Ош шаарындагы Бабур театрын толук реконструкциялоо иши башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарындагы Бабур театрын толук реконструкциялоо иши башталды

Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрында толук реконструкциялоо иши башталды. Вице-мэр Жасур Азимов баштаган жумушчу топ, 13-сентябрда жеринен кабар алып, аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.  

Реконструкциялоо Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы эл аралык эки тараптуу социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык башталган. Театрды реконструкциялоо келерки жылдын башында бүтөөрү пландалууда. Жумуштун жалпы баасы 5 миллион долларды түзөт. Көрсөтүлгөн долбоорго ылайык, театрдын имараты толугу менен оңдолот.