Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жетекчилигине айтылган сын пикирлердин баары негизсиз. Бул тууралуу маалымат жыйында театрдын көркөм жетекчиси Искендер Сартбаев билдирди.
Айтымында 13 кызматкердин жумуштан кетүү тууралуу жазган арызына, алар чечимин өзгөртөт деген үмүт менен 20 күндөй кол коюлган эмес. Сартбаев көпчүлүк солисттер жыл сайын чет өлкөлүк группаларга кошулуп, тажрыйба топтоп келерин кошумчалады. 13-сентябрда жумушун таштаган бир катар артисттер маалымат жыйын өткөрүп, жетекчиликтин ишин сындады.
Белгилей кетсек, театрдагы чыр 5-мартта башталган. Анда “Ак куу көлү” спектакли башталарына бир күн калганда солисттер сахнага чыгуудан баш тарткан. Алар коммерциялык спектаклдерге кошумча гонорар төлөнбөгөндүгүн себеп кылышкан болчу. Бирок, Сартбаев, аларга ошол күнү өздөрү сураган 70 миң сом төлөнгөнүн билдирди.