Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга коргонуучу каражаттардан турган кезектеги гуманитардык жардам келди.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиргендей, жүк Синьцзян-Уйгур автономиялуу району аркылуу келди. Коронавируска каршы күрөшүүгө колдоо жана эгемендиктин 30 жылдыгына карата жардам катары жиберилген.
Жалпы 3 миллион даана бир жолу колдонулуучу медициналык бет кап, 100 миң даана N95 медициналык бет кабы жана 20 миң коргонуучу кийим берилди.