Жаңылыктар
Балдын экспорту көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Балдын экспорту көбөйдү

Дүйнө жүзүндө тоонун балы мыкты деп эсептелинет. Кыргызстандын 90 пайызын тоолор курчагандыктан кыргыз балына суроо-талап жогору. Кыргыз балы Европа, Араб өлкөлөрүнө чейин экспорттолуп жатат. Быйылкы сегиз айда чет мамлекеттерге 338 тонна бал сатылып, былтыркыдан 90 тоннага арбын экспорттолду. 

Кыргызстандын экологиялык нукура азыктары тышкы рыноктордо атаандаштыкка туруштук бере алат. Мисалы, дүйнөлүк деңгээлдеги жарманкелер Кыргызстандын тоо балы жок өтпөйт. Муну белгилеген “Кыргыз балчылар бирикмеси” азыр балдын 7 түрүн сыртка экспорттоп жатат. Бирикме жыл сайын 200 тоннага чукул бал чогултса, басымдуу бөлүгүн чет мамлекеттерге экспорттойт. Буга чейин Кытай алып келсе, быйыл Сауд Аравиясына сатылууда. 

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бал 90 тоннага көп экспорттолду. Аарыларына дары алып жүргөн Нурдан Темирбек уулу балчыларга экспортко чыгаруу үчүн талап кыланган документтер азыраак болсо, балдын экспорту мындан дагы көбөймөк деген пикирде. Ал жыл сайын ар кайсы облустарга бал челектерин көчүрүп отуруп, 5 тонна бал алат. Тапканын ортомчуларга гана сатуу менен чектелүүдө.

“Чакан жана орто ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жөнүндө” Жарлыкка ылайык, азыр ишкерлерге ар тараптуу жеңилдиктер берилүүдө. 

Учурда Кыргызстанда аккредитациядан өткөн эки лаборатория бар. Алар берген уруксат кагаздар бардык мамлекеттерде таанылып келет. Балчылар экспорт боюнча дагы бир көйгөй жаралганын белгилешүүдө. Жакындан бери Евробиримдик аарылар ширесин алган өсүмдүктөргө себилген дарыларды изилдөө керектигин талап кылууда. Бул боюнча азыр Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгы Евробиримдик менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.