1-октябрдан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 10 пайызга, ал эми камсыздандыруу бөлүгүнө болжол менен 500 сомдой кошулат. Ошондо орточо пенсиянын көлөмү 6 миң 248 сомду түзөт. Бул максатта республикалык казынадан 154 млн сом, ал эми Социалдык фонддон 830 миллион сомдон ашык каражат каралды. Ал эми өлкө боюнча 715 миңден ашык пенсионер бар.
Өмүрүнүн 55 жылын агартуу тармагына арнаган Жумабек Сыдыков 11 жыл мурда ардактуу эс алууга чыккан. Ошентсе да учурда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында студенттерге билим берип, талыкпай иштеп келет. Айына 10 миң сомдун тегерегинде пенсия алат.
Пенсиясы тийсе тамак аш менен дары-дармек сатып алууга жумшайт. Агартуучу октябрдан тарта пенсиясы көбөйтүлөрүн угуп, кубанып турган чагы. Себеби айлык менен кошо пенсия алса анча-мынча тыгынчык болоорун айтат.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 710 миң пенсионер бар. Өлкө башчысы кол койгон жарлыкка ылайык, 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексациялоо жүргүзүлөт. Ага ылайык, быйыл пенсиянын базалык бөлүгү 10 пайызга, ал эми камсыздандыруу бөлүгүнө болжол менен 500 сомдой кошулат. Тагыраагы, индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 248 сомду түзөт.
Буга чейин пенсия 2019-жылы орточо эсеп менен 328 сомго, 2018-жылы 378 сомго көбөйгөн. Төрт жыл мурда өкмөт жыл сайын пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумуна жеткирүү максатында жогорулатып туруу жөнүндө чечим кабыл алган.