Жаңылыктар
Бир баланы окууга даярдоого кеткен каражат
Кыргызстан жаңылыктары
Бир баланы окууга даярдоого кеткен каражат

Быйыл өлкө боюнча 156 миңден ашык бала биринчи класска барат. Ушул тапта ата-энелер балдарына кийим-кече, окуу куралдарын, ал тургай окуу китептерине чейин сатып берип жаткан кези. 

Бишкектин тургуну Анара Усубалиев үч уулуна биринчи эле окуу куралдарын сатып берди. Дептер, калем сап, карандаш, альбом сыяктуу окуу куралдарын алууга эле 3000 сомдон ашык каражатын жумшады. Дагы ала турчу кем-карчысы көп. Анын үстүнө кичүү уулу быйыл мектеп босогосун аттайт. Калган балдары 4-6- класста окуйт. Былтыр эки уулуна 12 барактуу дептерди 3 сомдон алып берсе, быйыл 5 сомдон сатып берди. Дагы үч баланын кийим-кечеси алына элек. 

Балдарын мектепке даярдап, базар-дүкөн аралап жүргөн ата-энелердин көпчүлүгү быйыл баалар бир топ кымбат экенин айтышат. Ал эми сатуучулар болсо, буга доллардын баасы көтөрүлүп кеткендигин себеп кылышууда. Бир жагынан пандемиядан кийин каатчылык да таасирин тийгизбей койгон жок.

Быйыл базар баасында чындыгында эле жылдагыдан бир топ эле айырма бар. Ар ким капчыгына жараша соода кылууда. Ар бир товардын сапатына жараша баасы да ар башка. Мисалы, бир баланы мектепке даярдоо үчүн болжол менен 12 миң сомго жакын каражат керек. 

Ошентсе да ар бир ата-эне баласынын окууга жаңы кийим менен барышын каалайт. Мындан улам ата-энелер учурдагы пандемиядан улам түзүлгөн абал, жумушсуздук жана кымбатчылыкка карабай капчыгына жараша мектепке даярдап жатышат.