Жаңылыктар
Билим берүү мекемелери үчүн нускама иштелип чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүү мекемелери үчүн нускама иштелип чыкты

15-сентябрда башталчу жаңы окуу жылына өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелери даяр. Пандемиялык шартта башталып жаткан салттуу окуу программасына бир катар талаптар коюлуп, эпидемиологиялык абал эске алынып, өзүнчө нускама иштелип чыкты Балдардын коопсуздугу, эпидемиологиялык абалды курчутпоо аракеттерин жергиликтүү көзөмөлгө алат.

Жаңы окуу жылынын салттуу түрдө башталышы өзгөчө 1-класстын окуучулары үчүн жагымдуу жаңылык болду. Мындай чечим чыкканга чейин Бишкек шаарынын тургуну Гүлбарчын Садыкбекова мектеп босогосун аттап жаткан уулун онлайн окууга кантин көндүрөрүн билбей тынчызданып турган. Эми мектепке барып окуй турганын укканда баласын билим уясы менен тааныштыруу үчүн алып келди. 

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бала бакчаларда да талаптар өзгөрүлдү. Мурдагыдай ата-энелер тайпанын ичине чейин киргизилбейт. 15-сентябрдан баштап бакчалар да толук кандуу ишке кирип, бирок санитардык нормалардын аткарылышы катуу көзөмөлгө алына турган болду. 

Бишкекте билим алган окуучулар көп болгондуктан төрт райондогу бардык мектептер желдетүүчү аппараттар, нымдуу дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз болду. Борбордо быйыл 17 миңге жакын бала 1-класска барат. 

Өлкө боюнча билим берүү тармагында иштеген мугалимдердин 70% эмдөөдөн өтүштү. Быйыл 150 миңден ашык бала мектеп босогосун аттайт, бакча, мектеп жана жогорку окуу жайларда билим алган балдар менен студенттердин саны 1 млн 300 миңден ашат. Алардын саламаттыгына кам көрүү үчүн мектеп, бала бакча жана жогорку жана орто окуу жайлар атайын нускаманын негизинде гана иш алып барат. 

Быйыл окуучулар үчүн милдеттүү түрдө мектеп формасы талап кылынбайт. Башталгыч класстарга тамак берүү улантылат. Учурда 1635 мектеп буга толук даяр. Ал эми окуучулардан каражат чогултуу маселеси ар бир ата-эненин ыктыярдуу түрдөгү чечимине жараша болот,-дейт министрликтен. Мыйзамда орто билим берүү бекер болгону менен мамлекет мектептердин муктаждыгын толук жаба албайт. 

15-сентябрда Билим күнү катары бардык мектептерде салтанаттуу линейка ачык асман алдында өткөрүлөт. Санитардык талаптарды аткаруудан бөлөк, окуу программасына же окуучулардын санына эч кандай чектөөлөр киргизилбейт.