28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышууга бир мандаттуу шайлоо округдарынан ат салышчу жеке талапкерлер документ тапшыра баштады. Алгачкы талапкерлер каттоодон өттү. Мажоритардык система менен Жогорку Кеңештин 36 депутаты шайланат. Борбордук шайлоо комиссиясы мажоритардык шайлоо тутуму боюнча шайлоо округдарынын расмий схемасы менен чек араларын жарыялады.
Бир мандаттуу шайлоо округдарын аныктоо боюнча мекемелер аралык түзүлгөн жумушчу топ, Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек арасын жарыялады. Бир мандаттуу округдарды түптөө үчүн БШК элди каттоо, жер ресурстарын тескөө боюнча иш алып барган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтарына таянган. Ар бир округда шайлоочулар 100 миңден кем эмес болуш керек деген эрежени эске алганда облустар боюнча шайлоо округдардын саны төмөндөгүчө:
Мыйзамга ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда аяктайт. Саясий партиялардан бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат.
Бир мандаттуу округдарга талапкерлердин документтери 18-октябрга чейин кабыл алынат. Түшкө чейин БШК алгачкы арыздарды кабыл алып, өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн эки жаран тиешелүү кагаздарын тапшырды, үчүнчү талапкер документтери туура эмес болуп толуктоого жиберилди.
Мажоритардык система боюнча талапкерлерди сунуштоо укугу саясий партияларга да берилген. Ал эми шайлоочулар тарабынан депутаттыкка көрсөтүлүп жаткан жарандар бул тууралуу атайын жыйындарды өткөрүп, 100дөн кем эмес адамдын макулдугун алышы керек.
Партия аркылуу көрсөтүлүп жатабы же шайлоочулар жылдырабы айырмасы жок, бир мандаттуу шайлоо округунан көрсөтүлүп жаткан талапкердин күрөө акысы - 100 миң сом. Ал эми шайлоого катышып жаткан партиялардын күрөөсү 1 миллион сом деп белгиленди.