Жаңылыктар
Медиа Лаборатория - 2021: Жаштардын шайлоо тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү башкы максат
Кыргызстан жаңылыктары
Медиа Лаборатория - 2021: Жаштардын шайлоо тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү башкы максат

Кыргызстанда “Медиа Лаборатория - 2021” иш-чарасы жыйынтыкталды. Максат жигердүү жаштарды коомдогу болуп жаткан саясий өнөктүктөргө активдүү аралаштыруу. 

Мындан улам иш-чаранын алкагында жаш активисттер жаңы шайлоо системасы, саясий коррупциянын алдын алуу боюнча ойлорун ортого салды. Эки күндүн ичинде катышуучулар сценарий жазып, тарбиялык мааниси терең тасмаларды тартууну үйрөнүштү.

Коомдук иштерге жигердүү катышып, жарандык позициясын ачык билдирген жаштар, шайлоо укугу жана шайлоо процесси тууралуу пикир алышты. Бийлик - элдики болгондуктан шайлоого ар бир жарандын катышуусу зарыл.

Жаштар өлкөдө болуп жаткан саясий процесстерди толук түшүнүүгө тийиш. Сессиянын жүрүшүндө саясий жана электоралдык коррупция жөнүндө түшүнүк берилип, анын натыйжасында келип чыккан кесепеттер жөнүндө маалымат берилди. Бул жагдайлардын алдын-алуу үчүн жаштардын чечкиндүү кадамдары коом үчүн маанилүү. 

Долбоордун алкагында жаштарга социалдык тасма тартуу үйрөтүлдү. Сценарий жазып, каармандарды образга ылайыктуу тандоо сырлары, кастинг уюштуруу жана монтаждоо тажрыйбасы көрсөтүлдү.