Жаңылыктар
Кыргызстанда лизингге айыл-чарба техникалары берилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда лизингге айыл-чарба техникалары берилүүдө

Кыргызстанда быйыл дыйкандарга 796,9 млн сомго лизингге техника берилди. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, лизингдин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 6 долбоор түзүлүп, айыл чарба техникаларын лизинге берүү ишке аша баштаган.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери 796,9 млн сомго 312 техника лизингге берилди, ал эми 2011-жылдан бери дыйкандарга жалпысынан 5 млрд 832,3 млн сомго 3 593 даана техника берилген.