Жаңылыктар
Көмүр октябрь айынан тартып берилип баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүр октябрь айынан тартып берилип баштайт

Көмүр октябрдын башынан баштап элге берилип баштайт. Бул чечим тоо-кен тармагында иштеген инженер, адистер менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кабыл алынгандыгын "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын жаңы жетекчиси Мирлан Жакыпов билдирди. 

Алдыдагы 10-15 күндө аба ырайы ачык, жаан-чачынсыз болот. Аба ырайы туруктуу кезде Кара-Кечеден көмүр казуу иштерин тынбай жүргүзүү тууралуу чечим чыгарылды.

Түндүк регионго күн сайын 10 миң тоннадан көмүр берүү мүмкүн боло тургандыгын Мирлан Жакыпов билдирет. Көмүр ташыгандар да көп күтпөстөн дароо жүктөп кете алат. Ал эми Бишкек ЖЭБине көмүр үзгүлтүксүз график менен жүрүүдө.