Бүгүнкү күндө Чүй облусунда эпидемиологиялык абал турукташып, коронавирус илдетин жуктургандар күндөн күнгө азаюуда. Бул тууралуу брифинг учурунда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Акыл Исаев билдирди.
Анын айтымында пандемия башталгандан бери Чүй облусу боюнча 27 миң 71 киши илдетти жуктуруп, 12-сентябрга карата жаңы 15 учур катталды. Коронавируска каршы жалгыз курал - бул эмдөө. Калкты эмдөө үчүн Чүй облусунда 129 пунт иштеп жатат, анын 71и убактылуу ачылган. Облуска 197 миң 88 доза вакцина бөлүнүп, 18 жаштан жогору курактагы өнөкөт оорусу жок 63 миң 83 кишиге сайылды.