Жаңылыктар
Киберкоопсуздуктун өлкөдөгү абалын бекемдөөгө багытталган долбоор ишке ашат - УКМК
Кыргызстан жаңылыктары
Киберкоопсуздуктун өлкөдөгү абалын бекемдөөгө багытталган долбоор ишке ашат - УКМК

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Корея эл аралык кызматташтык агенттиги менен “Кыргызстанда компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун түзүү” гранттык долбоорун ишке ашыруу протоколуна кол койду. 

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ жана KOICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору Ли Жонгсу катышты. “Кыргызстанда компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун түзүү” долбоору өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын бекемдөөгө багытталган. Долбоордун мөөнөтү 5 жыл. Аны ишке ашыруу үчүн 5 миллион АКШ доллары керектелет.