Мектептердеги салтанаттуу линейканы өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн сүйлөшүүдө, 15-сентябрда боло турган мектептердеги линейка ачык абада, мектептин короосунда өтүүсүнө эч кандай каршы эместигин министрлик айтты.
"Ал эми кайсы бир региондо аба ырайы начар болуп калса, анда мектептин жыйын залында графикке ылайык өтүшү керек",- деди Жусупбекова.