Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр жана Үч-Коргон ГЭСтеринин бирден агрегаттары капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын башкы инженеринин орун басары Талант Тургунбаев билдирди.
Айтымында, учурда Таш-Көмүр ГЭСинин 2-агрегатында кезектеги капиталдык оңдоп-түзөө иши жүрүп жатат жана жакынкы күндөрү толук буткөрүлөт. Буга чейин Үч-Коргон ГЭСинин 4-агрегаты капиталдык оңдоодон өткөн.
Ошондой жле Шамалды-Сайдын 3-агрегатында утурумдук оңдоо жумуштары жүрүп жатат. Маалым болгондой, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Шамалды-Сай ГЭСтеринде жалпы 10 агрегат бар. Быйылкы жылы өкмөттөн мындагы обьектилерди капиталдык, утурумдук оңдоодон өткөрүү үчүн жалпы 89 миллион сом болүнгөн. Агрегаттар 5 жыл сайын кезектеги капиталдык оңдоодон өтүп турат. Келерки жылы 3 агрегат өтөт.
Жыл башынан бери Таш-Көмүр ГЭСтер каскадында 2 миллиард 850 миллион килоВат-саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Ал эми жылына 4 миллиард килоВатт-саат электр энергиясы өндүрүлөт.