Жаңылыктар
Кыргызстан-Азербайжан экономикалык алакасы талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Азербайжан экономикалык алакасы талкууланды

Бакуда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин экономика министрлеринин 10- жолугушуусунда Кыргызстандын жана Азербайжандын экономика министирлеринин жоолугушуусу болду. 

Акылбек Жапаров менен Микаил Джаббаров Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда соода-экономикалык мамилени жакшыртууга жакшы шарттар бар экени талкууланды. Өлкөлөрдүн биргелешкен долбоорлору, инвестициялар, эки тарап тең кызыкдар болгон соода-сатык байланышы буга өбөлгө болоору баса белгиленди. 

Ошондой эле кызматташуунун көйгөйлүү жактары дагы айтылып, аларды чечүү жолдору сунушталды. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө мындан аркы мамиленин чыңдалышына кызыкдар экенин билдиришти.