Жаңылыктар
Мас абалда унаа башкаргандар
Кыргызстан жаңылыктары
Мас абалда унаа башкаргандар

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 4-сентябрдан 11-сентябрга чейинки аралыкта өлкө боюнча жол эрежесин бузган 15 миң 674 факты аныкталды. 

Башкармалыктын маалыматы боюнча, унааны катуу ылдамдыкта 2400, тиешелүү документтери жок 202 айдоочу кармалган. Ошондой эле 215 айдоочу мас абалда унаа башкарган. Айып аянтчасына 736 унаа киргизилген.