Кыргызстанда 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө башталат.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, билим берүү кызматкерлеринин 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алды. Бирок бала бакча, мектепке барган балдар же жогорку окуу жайлардын студенти болобу үйдө өзүн жаман сезсе мектепке же окуу жайына жибербей эле коюу туура болот. Дароо дарыгерге алып баруу зарыл.
Ар бир окуу жай бул багытта иш алып барууда. Билим берүү мекемелеринин кире беришине атайын санитардык эрежелерди сактоо буюмдары сөзсүз болот. Анткени бала өзүн жакшы сезип, мектепке келгенде дене табы көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Ошондо мектептин класс жетекчиси баланы атайын журналга белгилеп коюп, ата-энесине же дарыгерге телефон чалат”, - дейт ал.