Бишкекке кыймылдаткычы газ менен иштеген дагы 210 жаңы автобус келди. 11-сентябрда Ала-Тоо аянтында жаңы автобустар көрсөтүлдү.
Баш калаанын басма сөз кызматы билдиргендей, ошол замат башкы аянттан экологиялык таза, кенен жана таза автобустар маршруттук каттамдарга чыгып кетишти.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө муниципалитет транспорт көйгөйүн акырындык менен чечүү менен түтүнгө каршы чараларды көрүүдө.