Жаңылыктар
УКМК санариптик купуялуулукту күчөтөт
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК санариптик купуялуулукту күчөтөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин жардамы менен маалымат коопсуздугу жана санариптик купуялык жаатында иштеген эл аралык «Касперский лабораториясы» компаниясы менен киберкоопсуздук боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Мекеменин маалыматына ылайык, салтанатка «Касперский лабораториясынын» башкы директору Евгений Касперский жана УКМКнын төрагасынын орун басары, Кибер коопсуздукту координациялоо борборунун директору Жаныбек Жоробаев катышты. Бул келишимдин артыкчылыктарынын бири - Кыргызстандын киберкоопсуздугунун комплекстүү системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. Кыргызстан кибер коркунучтардын ар кандай рейтингдеринде көп учурда алдыңкы катарларда турат. 

«Касперский лабораториясынын» маалыматы боюнча, 2021-жылдын башынан бери, Кыргызстанда болжол менен ар бир төртүнчү интернет колдонуучу ар кандай кибер коркунучтарга, ал эми ар бир экинчи интернет колдонуучу-колдонуучунун аппаратына алынуучу маалымат каражаттары аркылуу жергиликтүү коркунуч деп аталган чабуулдарга туш болгон. 

Үстүбүздөгү жылдын алты айында «Касперский лабораториясы» Кыргызстандагы “фишинг” баракчаларына кирүүнүн 60 миңден ашыгына бөгөт койгон. 

Адистер киберкылмышкерлер барган сайын уюмдарды бутага алып жатканын белгилешет. Мисалы, 2021-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда корпоративдик интернет колдонуучулардын 19% ы веб коркунучтарга, 42% ы жергиликтүү зыяндуу программаларга туш болушкан.