Жаңылыктар
Кочкор районунун Мантыш айылында кыргыздын улуттук баалуулугун камтыган музей ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкор районунун Мантыш айылында кыргыздын улуттук баалуулугун камтыган музей ачылды

Кочкор районунун Мантыш айылында кыргыздын улуттук баалуулугун камтыган музей ачылды. 

Максаты айыл элин жана жаштарды маданият чөйрөсүнө тартуу менен элетти өнүктүрүүгө багытталган. Ичиндеги экспонаттары менен имаратын жеке ишкер колдоп, куруп берген. Чакан музей эки кабаттан туруп, экинчи кабаты айымдарга арналган. Мурдагы аялдар колдонгон буюмдары, кастарлуу шырдактан баштап, кийим-кечегине чейин илинген. 

Мындан тышкары айбанаттардын сөлөкөттөрү катырылып, илгерки мергенчилердин колдонгон курал-жарактарын көрсө болот. Келечекте бул жай туристтерди чогулкан борборго айланат дешет айыл тургундары.