Жаңылыктар
Нарын районунун эң алыскы Оорук-Там айылында бала бакча пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын районунун эң алыскы Оорук-Там айылында бала бакча пайдаланууга берилди

Нарын районунун эң алыскы Оорук-Там айылында бала бакча пайдаланууга берилди. 

Элеттеги эски имарат толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Айыл өкмөттүн бюджетинен 2 миллион сомдон ашык акча которулуп, калган каражатты айыл эли чогултуп, ичиндеги керектүү жабдыктар алынган. 

Аталган айылдын башчысы Нурбек Канатбек уулунун айтымында, бала бакча элет түптөлгөндөн тарта жок болчу. Жыл санап, чакан айылда калктын саны көбөйгөн сайын бул жаатта көйгөй жаралган. Өзгөчө айыл статусуна ээ болгон Оорук-Там Нарындын борборунан 100 чакырым алыстыкка жайгашып, кышы катаал келет.