Кыргызстанда 30-августка карата коронавирус дагы 152 адамдан аныкталды. Коронавируска каршы Республикалык штаб билдиргендей, Бишкек шаарында – 67, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 19, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 43, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 12 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 300 адам илдеттен сакайып, ооруканадан чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 132 бейтап, амбулатордук түрдө 1 226 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 889 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 417 киши айыгып чыкса, 2 524 адам каза болду.