Жаңылыктар
ӨКМ: Кочкор районундагы жол кырсыгынан 7 адам жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Кочкор районундагы жол кырсыгынан 7 адам жабыркады

Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак-Орук-Там унаа жолунун Лахол айылындагы 23-чакырымында “Subaru Forester” жана “Нива” үлгүсүндөгү унаалары сүзүшүп, адамдар жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.  

Кырсыктын кесепетинен 7 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, учурда жабыркаган адамдардын аты-жөндөрү такталууда. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Куткаруу иштерине Кочкор райондук №42 өрт куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган.