Жаңылыктар
Араб ишкерлери Кыргызстандагы социалдык тармакты каржылоого даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Араб ишкерлери Кыргызстандагы социалдык тармакты каржылоого даяр

Перс булуңундагы Араб мамлекеттери Кыргызстандагы социалдык тармакты жакшыртууга колдоо көрсөтөт. Бүгүн Кувейт мамлекетинен келген ишкерлердин катышуусунда социалдык жоопкерчилик боюнча эл аралык жыйын өтүп, мусулман өлкөлөрдүн ишкерлери колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. 

Алар саламаттык сактоо, билим берүү тармагына, жол, таза суу сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча бир катар сунуштарын берди. Жыйында Кувейттеги Ислам Эл аралык кайрымдуулук фондунун директорлор кеңешинин төрагасы Абдулла Матуук Аль-Матук сөз сүйлөп, аймактардагы элдин жашоо турмушун жакшыртууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин, бирок аларды долбоордун негизинде карап чыгып муктаждыгына жараша адилеттүү чечүү зарылдыгына токтолду.