Жаңылыктар
Ички аскерлердин эмгек акысы көбөйтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ички аскерлердин эмгек акысы көбөйтүлөт

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Анын алкагында Мамлекет башчысы өзгөчө ардак белгиси, аскердик намыстын, эрдик жана даңктын символу катары Күжүрмөн туусун ИИМдин ички аскердик бөлүктөрүнө тапшырды.

 Президент аскерлерди Күжүрмөн туунун тапшырылышы менен куттуктап, 80 жыл мурда түзүлгөн Ички аскерлер кызматы бүгүнкү күндө дагы өлкө аймагында ички коопсуздукту камсыздап, элибизге тынчтыкты жана бейпилдикти тартуулап, стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик маанилүү объектилерди эле кайтарбастан, коомубуздун жаркын келечегине коркунуч туудурган ар кандай чакырыктарга каршы алгылыктуу күрөш жүргүзүп жатканын белгиледи. Садыр Жапаров Ички аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жакшы жана аскердик духу күчтүү экенин кошумчалады. Президент белгилегендей, Министрлер Кабинети тарабынан “Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө” токтомунун долбоору даярдалган. Ага ылайык 1-октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын эмгек акыларын 40 пайызга көтөрүү пландаштырылууда. 

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын өзгөчө шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта аскер кызматчылардын өтөгөн кызматынын 1 жылы эми 1,5 жыл деп эсептелээри, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын 1 жылы 2 жылга тете деп эсептелери белгиленген.