Жаңылыктар
Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө, транспорт каражаттарына салык төлөөнүн мөөнөтү аяктоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө, транспорт каражаттарына салык төлөөнүн мөөнөтү аяктоодо

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө, транспорт каражаттары үчүн салык төлөөнүн мөөнөтү аяктоодо. Салыкты өз убагында төлөөнү эскерткен рейд бул жолу батыш автобекетинде болуп, Патрулдук милиция менен Салык кызматынын кызматкерлеринен түзүлгөн жумушчу топ айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. 

Эскерте кетсек, транспорт каражаттарына салыкты 1-сентябрга чейин, ал эми кыймылсыз мүлктүн салыгын 2-сентябрга чейин төлөө керек. Салык өз убагында төлөнбөсө жеке жактарга миң сом административдик айып, ал эми юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынарын Салык кызматы эскертет.