Жаңылыктар
Октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин эмгек акылары 40 пайызга көтөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин эмгек акылары 40 пайызга көтөрүлөт

Октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин эмгек акылары 40 пайызга көтөрүлөт. Ошондой эле алардын өзгөчө шартта кызмат өтөөсүн эске алуу менен сентябрдан баштап өтөгөн бир жылдык кызматы 1 жарым жыл деп эсептелет. Ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлердин 1 жылы 2 жылга саналат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.