Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова менен Стамбул шаарынын губернатору Али Йерликаян кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүү боюнча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык маселесин талкуулашты.
Ошондой эле тараптар кыргыз жарандарынын укуктук жактан коргоо жана алардын кызыкчылыктарын колдоо, алардын ичинде Түркиядагы көзөмөлсүз качкындардын жана мыйзамсыз жүргөн мигранттардын көйгөйлөрү тууралуу пикир алмашты. Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара тыгыз кызматташууну мындан ары да колдоо боюнча макулдашууга келишти.