Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында эки жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. "Ландыш" бала бакчасы 100 орунга ылайыкташкан.
Аны курууга Ноокен райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сомго жакын каражат сарпталды. Курулушу 2019-жылы башталган. Пайдаланууга берилген дагы бир "Наристем" бала бакчасы 175 орундуу.
Имараттын курулушу толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 31 миллион сом акча каражаты жумшалды. Кочкор-Ата шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны тогуз. Алар муниципалдык, мекемелик жана жеке менчик бала бакчалар.